АВЛЕТИМ суусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:36, 2 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (Kadyrm moved page АВЛЕТИМ 1 to АВЛЕТИМ (суу) without leaving a redirect: Wikipedia naming convention) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВЛЕТИМ – Аксы р-нундагы суу, Кара-Суунун (Нарындын алабы) оң куймасы. Уз. 35 км, алабынын аянты 863 км2. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан башталат. Майда кирип, ноябрда тартылат. Жогорку жана ортонку бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агат. Жылдык орт. чыгымы 10,6 м3/сек; эң көбү – 20 м3/сек, эң азы – 5,6 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Авлетим кыш. орун алган.