АВИАЦИЯ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ
АВИАЦИЯ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ– учуучу аппараттарды (самолёт, вертолёт, канаттуу ракета, дирижабль ж. б.) кыймылга келтирүүчү жылуулук кыймылдаткычы. А. Ф. Можайскийдин самолётуна орнотулган (1885) буу кыймылдаткычы алгачкы А. к. болгон. Иштөөсүнө карата ичинен күймө бышкектүү (поршендүү) кыймыл-
даткыч, аба-реактивдүү кыймылдаткыч жана ре активдүү самолёт кыймылдаткычы деген 3 негизги класска бөлүнөт. А. к-на коюлуучу негизги талаптар: керектүү тартуу (тяга) же кубаттуулук кезинде массасынын жана өлчөмүнүн ки
чине болушу, ишенимдүүлүгүнүн, жумуш ресурсунун жана отундун үнөмдүүлүгүнүн жогорулугу; экол. параметрлеринин (чуу, атм-га зыяндуу заттардын бөлүнүшү) учурдагы нормаларга шайкештиги. А. к. кийинчерээк бүт өлкөдө ичинен күймө бышкектүү кыймылдаткычтын негизинде жасала баштайт. А. к. бурама сайлуу реак тивдүү жана айкалышкан турбобуралгылуу бо луп бөлүнөт. Тартуу күчү реактивдүү кыймылдаткычта күйүүчү газдын чоң ылдамдыкта соплодон агып чыгышынан, буралгылуу кыймылдаткычта буралгынын айлануусунан, айкалыш кан турбовинттүү кыймылдаткычта аба буралгысынын айланышынан жана күйүүчү заттардын агымынан пайда болот. Бышкектүү А. к. учуу ылдамдыгы 200-500 км/с вертолётордо, турбо буралгылуу А. к. ылдамдыгы 500-800 км/с болгон самолёттордо колдонулат. Улуу Ата Мекен дик согуштан кийинки турбореактивдүү А. к-нын ылдамдыгы 960 км/ска. жеткирилген. 1965-67жылдарда турбореактивдүү жана турбобуралгылуу А. к-тарынын негизинде эки контурлуу турбо реактивдүү кыймылдаткычтар пайда болгон. Алар үн ылдамдыгына жакын жана андан жогорку ылдамдыкта учуучу самолёттордо колдонулат.