АВИАЛАЙНЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:51, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВИАЛАЙНЕР– жүргүнчүлөрдү ташуучу ири самолёт. Үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарда учат. Аба транспорттук тейлөө кызматы би-

«Боинг-767» авиалайнеры.

ринчи дүйнөлүк согуштан кийин башталган. Алгачкы А. катары аскердик самолёт колдонулуп келсе, 1930-жылдардын башынан Европа, Америка авиакаттамдарында атайын жасалган, ыңгайлуу самолёттор каттай баштайт. Азыр 500 орундуу реактивдүү А-лер бар. Алгачкы реактивдүү А-лер Ту-104, «Комет», «Боинг» 1950-жылдарда турбореактивдүү «Боинг-747», Ил-62 1970-жылдарда, үн ылдамдыгынан тез учуучу Ту-144, «Конкорд» A-и 1976-жылдарда ишке киргизилген. Бул кенен фюзеляждуу самолёттор– акыркы жетишкен ийгиликтер.