АВЕРСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВЕРСИЯ (лат. aversio - жерүү, эң жаман көрүү), ж ы н ы с т ы к – жыныстык катнашууну жек көрүүдөн же көңүл калуудан келип чыккан түгөйлөр ортосундагы мамилелердин бузулушу (сейрек учурайт). Аялда жыныстык запкыдан (зордуктоо, күйөөсүнөн көңүлү калышы) улам анын психикасына доо кеткенде пайда болот. А. ар кандай даражага, мис., ынакташуу учурунда чыккан кенедей ызалануудан тартып, ынагын таптакыр көргүсү келбөө абалына чейин жетиши мүмкүн. Эркектерде А. кээде сексуалдык өзгөрүүнүн белгиси болушу мүмкүн. А-дан толук айыгат, аны дарылоодо психотерапевдик ыкмалар колдонулат.