АВАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВАТ, авагат– ичкилик уруу бирикмесиндеги ири уруулардын бири. Санжыралык маалыматтарда А. уруусунун түпкү теги ж-дө айтылбастан, тек гана ичкилик урууларынын бири экендиги көрсөтүлөт. Ушуга байланыштуу ил. божомолдор да азырак болуп, жалпы ичкилик урууларына берилген мүнөздөмө б-ча кыргыздардын этностук курамына салыштырмалуу кийинки мезгилде кошулган этностук компонент катары саналат. Кыргыз уруулары ж-дө баяндаган 16-к-га таандык жазма булак - «Мажму ат-Таварихте» ичкилик урууларынын катарында А. уруусу аталган эмес. Буга караганда ичкилик уруулук тобуна А. 16-к-дан кийинки мезгилде гана кошулгандыгын айтса болот. Айрым тарыхый документтерде бул уруу түн. кыргыз урууларынын катарында болуп, кийин ичкилик тобуна кошулгандыгын көргөзгөн маалыматтар да кездешет. Аны уруунун ичиндеги айрым этникалык элементтер да тастыктайт. А. уруусу ич ара бир канча ири уруктарга (гүжөн, ботон-жанат, уста, токмок, жой, беглер, могол жана татар) бөлүнөт. Бул уруктардын ичинен А. уруусуна тыштан кирген элемент катары могол (могол уругу моңолдор менен тыгыз байланышта болгондугун билүү кыйын эмес) жана татар уруктарын байкоого болот. А. уруусу негизинен Баткен обл-нун Баткен жана Лейлек р-ндорунун аймагын жердешет. Лейлектеги Катыраң, Өзгөрүш, Баул, ал эми Баткендеги Кулан, Говсувар, Самаркандек, Аксай, Актатыр, Жаңыбак, Капчыгай, Ортобоз, Үч-Дөбө ж. б., Жалал-Абад обл-ндагы Сузак р-нунун Абат, Таштакабат айылдарынын тургундарынын көпчүлүгү A-тар. Мындан тышкары, Тажикстан жана Өзбекстандын айрым жерлеринде да жашашат.
Ад.: Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы /КЖФ № 364; Жолдошев P. XVIII кылымдагы кыргыздардын уруулук курамы жана дуалдык-этносоциалдык уюму/ Кыргызстан: история и современность. Б., 2006.

Р. Жолдошов.