АВАРИЯЛЫК КАБАРЛОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВАРИЯЛЫК КАБАРЛОО-- тоо-кен ишканаларында, шахталарда ж. б. жайларда иш убактысында кокустукка каршы алдын ала чара көрүү, аны болтурбоо, б. а. иш үстүндөгү жумушчуларды тез аранын ичинде коопсуз жерге алып чыгуу аракети. А. к-до атайын байланыш аппараттары ИГАС-3, ГИС-1 колдонулат. А. к. жарык энергиясы, байланыш түйүндөрү жана үн сигналдары аркылуу ишке ашырылат.