АВАНТЮРИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВАНТЮРИЗМ (фр. aventure – окуя, тобокелчилик) – оңой ийгилик, жеңил пайда табуу максатында жасалган эссиз тобокелчил жана акылга сыйбас иш-аракеттер менен коштолгон ойлом же жүрүм-турум ыкмасы, саясий чөйрөдөгү опурталдуу ишмердүүлүк. А. компетенттүү эместиктен, конкреттүү жагдайды жана саясий күчтөрдүн алакасын тоотпостуктан, аларды этибарга албастыктан, коомдук өнүгүүнүн объективдүү логикасына, ил. бааларга жана болжоолорго кайдыгер мамиле жасоодон пайда болот. Саясий А. башаламан, стихиялуу мүнөздөгү саясий процесстердин алдында түптөлөт да, эреже катары, саясий бийликтин кулоосу менен аяктап, саясий кырсыктарга, кризистерге алып келип, оор материалдык жана соц. кесепеттер, жоготуулар менен коштолот. Саясий А. бийликтен кетип жаткан же мыйзамдуу демокр. жол менен бийликке келүүгө толук ишеничи жок топтордун аракеттерине мүнөздүү. Эптеп болсо да бийликти колдон чыгарбай кармап калуу, кандай жол менен болсо да бийликти басып алуу – А. үчүн башкы нерсе. Авантюристтер жетекчиликке алган нерсе – эң башкысы күрөштү баштоо, ал эми ары жагы аларды кызыктырбайт. Негиздүү, иштелип чыккан идеялардын жана өнүгүү программалардын болушу, калктын көпчүлүгү тарабынан колдоого ээ болушу - мааниге ээ эмес. Эреже катары, А-дин кесепеттери эл үчүн өтө оор болот жана ал кесепеттер үчүн жоопкерчиликти А. эч качан өз моюндарына алышпайт.
М. Т. Артыкбаев, Р. У. Амираев.