АБДЫЛДАЕВ Дамир Керимкулович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛАЕВ Дамир Керимкулович (1965-жылы туулган, РФ, Москва) – медицина илимдеринин доктору (2003). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1988). Эмгек жолун Кыргыз онкология жана радиология ИИИде врач-ординатор болуп баштаган. Ошол эле жерде улук илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. Кайра даярдоо жана квалифакцияны жогорулатуу боюнча КММИде онкология кафедресында профессор; КР Саламаттык сактоо министрлигинин Маммология борборунун директору; КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бардыгы 67 илимий иштери, анын ичинен 2 монографиясы, 1 окуу китеби, 3 патенти бар. Эмг.: Морфологические факторы прогноза течения медуллярного рака молочной железы // Вестник РОНЦ им. Блохина РАМН. –М., 2000.–№3. – С. 13-16. Избранные вопросы заболеваний репродуктивной системы; учебное пособие. – Бишкек. 2007.-370 с.