АВАНС
Jump to navigation
Jump to search
АВАНС (фр. avance) — материалдык баалуулук, аткарылган иш жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн алдыда боло турган төлөм эсебинен берилүүчү акча суммасы. А. кредиттин өзгөчө түрү болуу менен жеткирүүчүнүн, иш аткаруучунун жана кыз мат көрсөтүүчүнүн жугуртуу каражатынын көлөмүн көбөйтөт. Тышкы соода операцияларында А. контракттын жалпы суммасынын 10-15% ин түзөт. Контракт аткарылбаса, А. сөзсүз кайтарылып берилет.