БАЗАРОВ Геннадий Садырович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:41, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЗАРОВ Геннадий Садырович (14. 5. 1942-ж. т., Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ат-Башы айылы) ‒ кинорежиссёр, сценарист, КРнын эл артисти (1991), КРнын иск-вого эмг. сиӊ. ишмери (1974). 1966-ж. Москвадагы Бүткүл союздук мамл. кинематография ин-тун бүткөн. Эмгек жолун 1959-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1967-ж. «Саманчы жолу» фильмин дипломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (Х. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи»

БАЗАРОВ 1115.png

(Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дядюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жантөшевдин романы б-ча), «Айыӊ» (1989), «Аномалия» (1991), «Карагыз» (2005) ж. б. көркөм фильмдерди жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Искусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыӊгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новеллаларды, даректүү фильмдерди ж. б. тарткан. Мад-т жана иск-вонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова ж. б. ж-дө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыркы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясында иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барат. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.