АБУ БАКР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБУ БАКР, Абдаллах ибн Осмон Аб у Б е к р (27. 11. 572, Арабия ж. а. , Хиджаз, Меке – 23. 8. 634, ошол эле жерде) – Араб халифатындагы биринчи халиф (632-жылдан); Мухаммед пайгамбардын ишин улантуучу. Ал Мухаммеддин жакын жолдошу жана анын алгачкы колдоочуларынан болгон, о. эле пайгамбардын аялы Айшанын атасы. Мухаммеддин окуусуна чексиз берилгендиги үчүн ардактуу ас-Сиддик (өтө такыба) деген атакка ээ болгон. 631-ж. мусулмандардын Мединадан Мекеге барган ажылык сапарына башчылык кылган. 632-ж. Мухаммед кайтыш болгондон кийин Меке, Медина мусулмандар коомунун башчысы. А. Б-дин тушунда (632–634) исламдык позиция Арабстанда бекемделип, таасири Сирия менен Иракка тараган. А. Б-дин буйругу менен Мухаммеддин алгачкы «ачылыштары менен айткандарынын» жыйнагы түзүлгөн, ал кийинчерээк Курандын негизин түзгөн.

М. Абдылдаев.