АБУ-Л-ГАЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБУ-Л-ГАЗИ Бахадур хан (24. 8. 1603, Ургенч – 1664, Хива) – Хива ханы жана тарыхчы. 1643-ж. көчмөн өзбек урууларынын жардамы менен такка отуруп, өз бийлигин чыңдоо үчүн түркмөндөргө, калмактарга, Бухара хандыгына каршы күрөшкөн. Өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон, эски кол жазмаларды көп окуган, түрк элдеринин тарыхын дурус билген. Анын «Шажарай-и-түрк» жана «Шажарай-йи-таракима» («Түрк элдеринин санжырасы», «Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эки эмгеги белгилүү. Эмгектерде Борб. Азиянын элдеринин тарыхы б-ча баалуу тарыхый, этногр. маалыматтар кездешет. А.-Л-Г. бул эмгектерди жазууда Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихин» негизги булак катары пайдалангандыгы байкалат. Анын маалыматтарын кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу менен Белек Солтоноев кыргыздардын тарыхын изилдөөдө пайдаланышкан.