АБСОЛЮТТУК МИНИМУМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:08, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБСОЛЮТТУК МИНИМУМ- метеорол. элементтердин (абанын темп-расы, атм. басымы ж. б.) белгилүү бир чөйрөдө, аймакта, өлкөдө же жалпы эле Жер шарында көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталган эң төмөнкү өлчөмү; эң суук жер. Дүйнө жүзүндөгү эң суук жер Антарктидада, анда (Чыгыш станциясында) темп-ранын абс. мин. -89,2°С катталган, Түн. жарым шарда ал -68°С (Якутиядагы Оймякондо), Кырг-нда -54°Сге чейин (Ак-Сайда) төмөндөгөн.