АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ – өзүнө түшкөн ар кандай жыштыктагы электр-магниттик толкундарды толук жутуучу зат. А. к. н-нин жутуу жөндөмдүүлүгүнүн коэфф-и бирге барабар,анын темп-расына жана жуткан толкундун узундугуна көз каранды эмес. Бул түшүнүктү илимге 1859-ж. нем. физиги Г. Р. Кирхгоф киргизген. Ал табиятта кезикпейт жана шарттуу түрдө ичи көңдөй, жарык өткөрбөгөн, бардык бөлүктөрүнүн темп-расы бирдей жана нур кире турган кичинекей тешиги бар сфера А. к. н. катары алынат. Анткени мындай нерсеге тешикчеси аркылуу нур түшкөндө, анын ичинде нур көп ирет чагылып, нерсеге жутулуп (сиңип) отуруп, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин толук жутулат. Көөнүн нур жутуу жөндөмдүүлүгүнүн коэфф-и бирге жакын болгондуктан аны да жакындатылган мааниде А. к. н. деп кароого болот. Анын нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү бирдей эле темп-рада ысытылган башка нерселерге салыштырмалуу жогору.

АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ55.png

А. к. н. нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү анын кайсы заттан экендигине көз каранды болбостон, анын темп-расы менен гана аныкталып, Планк нурлануу законуна баш ийет.