АБЕЛЯР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБЕЛЯР Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – о. кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-ж. өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши менен аяктаган. А-дын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). А-дын ою б-ча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс менен ырасталышы керек. Ыйык жазуулар жана чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, анын ичинде «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү - адамдын кылык-жоругу менен уят-сыйытынын өз ара шайкеш келиши. А-дын чыгармалары азыр да окумдуу.

Т. Эсенгелдиев.