АБДЫЛДАЕВ Эркинбек Кыянович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:26, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Эркинбек Кыянович (1954-ж. т. Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Ак-Терек айылы) – техника илимд. доктору (1992), проф. (1995), илим жана техника б-ча Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1987). Ленинград мамл. ун-тин (1976), Too механикасынын маркшейдерлик иши б-ча Бүткүл союздук ил.-из. ин-тунун аспирантурасын (Ленинград, 1979), КР УИАнын Тоо тектердин физикасы жана механикасы ин-тунун докторантурасын бүтүргөн (1992). Бүткүл союздук маркшейдер ил.-из. ин-тунда (Ленинград) ил. кызматкер, Пржевальск пед. ин-тунда декан, кафедра башчы, Эл аралык башкаруу ин-тунун Караколдогу филиалында директордун орун басары, 1993-жылдан Ысык-Көл мамл. ун-тинин проф. 50дөн ашуун ил. эмгектин, анын ичинде монография, окуу куралдардын автору.
Эмг.: Напряженно-деформированное состояние массива горных пород вблизи выработок. Ф., 1990.