АХМАТОВА Анна Андреевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АХМАТОВА А to АХМАТОВА Анна Андреевна) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХМАТОВА Анна Андреевна (өз фамилиясы ‒ Горенко) [11(23). 6.1889, Одессага жакын, Большой Фонтан ‒ 5. 3.1966, Домодедово, сөөгү Ленинград обл., Комарово айылына коюлган) ‒ орус акыны. Балалык чагы Царское кыштагында өткөн. Киевде гимназияда (1907), ошол эле жерден Аялдардын жогорку курсунун юридикалык бөлүмүндө (1908‒10) окуган. Бала чагында эле ыр жазган. Анын алгачкы чыгармачылыгы акмеизм менен байланыштуу. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда патриоттук ырларын («Ант», «Баатырдык» ж. б.) жазган. «Тынчтыкка даӊк» ырлар цикли (1950), «Каармансыз поэма» (1940‒62) жарыяланган. «Мезгил агымы» жыйнагы (1965) үчүн Италиянын Энта-Таормин адабий сыйлыгы берилген. А. Ахматованын ырлары англис, немец, француз, италиян, япон, поляк, чех ж. б. тилдерге которулган. Анын поэзиясына күчтүү психологизм, тарыхка көбүрөөк көӊүл буруу, классикалык поэзиянын үлгүсүндө жазуу мүнөздүү. «Мезгил агымы» аттуу автобиографиялык жыйнагына (1909‒65) анын акындык талантын көрсөткөн негизги ырлары топтолгон.