АСЫЛБАШЕВ Мелисбек Өмүрбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛБАШЕВ Мелисбек Өмүрбекович (7. 5. 1947-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Жыламыш айылы) ‒ бийчи, балетмейстер. КРдин эл артисти (1995). КРдин маданиятына эмгек сиӊирген ишмер (1991). Москвада өткөн эл аралык конкурстун лауреаты (1980). 1967-ж. Ленинграддагы проф. В. Я. Ваганова атындагы Бий академиясын бүтүргөн. 1967-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында чыгармачылык жолун баштаган. Ф. Шопендин «Шопенианасынан», П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен», «Ак куу көлүнөн», «Уйкудагы сулуудан», Б. Асафьевдин «Бахчисарай фонтанынан» классикалык жеке партияларды, айрыкча Л. Минкустун «Дон Кихотунан» Эспаданын, К. Молдобасановдун «Куйручук» аттуу балет-комедиясындагы Молдонун партияларын жогорку чеберчиликте аткарган. Ж. Бизенин бир актылуу «Кармен сюитасында» , П. Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетинин биринчи көрүнүшүндө классикалык балеттин стилин кылдат сезген

АСЫЛБАШЕВ13.png

хореограф катары таанылган. 1967‒90-ж. театрдагы алдынкы бийчилерден болуу менен режиссёр-хореограф катары Э. Жумабаевдин «Жомоктон соӊ», «Саадак какты», С. Полуэктовдун «Биринчи мугалим» балеттерин койгон. 1983-жылдан Кыргыз улуттук филармониясынын «Акмарал» бий ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери. К. Молдобасановдун «Манастын кошуну», «Тамаша», «Жаштар бийи», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миӊ кыял», «Түрк элдеринин музыкасы» сыяктуу ондогон бийлерди койгон. А. жетектеген «Акмарал» бий ансамбли Монголияда, Португалияда, Пакистанда, Германияда, Индияда, Францияда, Малайзияда, АКШда жана КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болду. Францияда өткөн эл аралык музыка жана бий фестивалынын алтын медалын жеӊип алган. Медалдар менен сыйланган. Б. Алагушов.