АБАШЕВ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАШЕВ МАДАНИЯТЫ, А б а ш е в м а д а н и й – т а р ы х ы й к о о м у – азыркы Воронеж обл-нун Марий, Чуваш жана Башкир АССРинин аймактарындагы кеч коло дооруна (б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы) таандык археол. мад-т. Ал жогорку Десна, Сейм жана Түн. Донецтен батышта Урал менен Тоболдун кесилишине жана чыгышта Волга менен Дондун түштүгүндөгү имерилишине чейин таралган. Абашево (Чувашия) айылындагы биринчи изилденген көрүстөндөн улам аталган. А. мененын эстеликтерин 1925-ж. В. Ф. Смолин изилдеген. Маданий-тарыхый коомдун алкагында Дон-Волга, Орто Волга жана Урал-А. м. болуп бөлүнөт. Көрүстөндөн оймо-чиймеленген карапа идиштери, жез жана күмүш жасалгалар, таштан, жезден жана сөөктөн жасалган эмгек куралдары табылган. Эмгек куралдары аңчылыкты, мал чарбасын жана дыйканчылыкты, жез шаймандары металлургиянын өнүгүшүн айгинелейт.