АРДАК НААМДАР
АРДАК НААМДАР Кыргыз Республикасынын – КРдин Мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. «Кыргыз Республикасынын Ардак наамдары жөнүндө жобо» КРдин Президентинин Жарлыгы менен бекитилген. А. н-ды өлкөнүн конституциясына ылайык, өлкөнүн Президенти ыйгарат (КРдин Конституциясы, 46-статья). КРдин төмөнкүдөй А. н-ы белгиленген: КРдин – эл жазуучусу; эл акыны; эл сүрөтчүсү; эл артисти; эл мугалими (Жобо б-ча мындай наамдарды тиешелүү тармакта «эмгек сиңирген» А. н. бар адамдарга, ошол наамды алгандан кеминде беш жылдын кийин гана татыктууларга ыйгарылат).
КРдин – эмгек сиңирген мугалими; билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген врачы; саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген артисти; маданиятына эмгек сиңирген ишмер; илимине эмгек сиңирген ишмер; өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер; айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген куруучусу; транспортуна эмгек сиңирген кызматкер; байланышына
эмгек сиңирген кызматкер; геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер; калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген юристи; эмгек сиңирген экономисти; жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер. «Эмгек сиңирген» А. н. жарандардын эмгектеги жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги, о. эле ошол тармакта кеминде 15 жыл үзүрлүү иштегендерге ыйгарылат (мында
бир гана «эмгек сиңирген артист» наамы үчүн 10 жыл белгиленген, ал эми «илимге эмгек сиңирген ишмер» наамы үчүн мөөнөт коюлган эмес). Жарандарды юбилейине карата А. н. менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт. А. н-га көрсөтүү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө нускамага» ылайык жүргүзүлөт. Анын белгиленген үлгүдөгү мамл. тилде жазылган төш белгилери бар, алар төштүн оң жагына тагылат. А. н. кайталанып ыйгарылбайт. А. н. менен КРдин жарандары, о. эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар да сыйланышы мүмкүн. А. н-га татыктуу болгон адамдар КРдин мыйзамдарында каралган тартипте жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланышат.
Ы.Кадыров.