АБАЛАК
АБАЛАК – ордо оюнунда чүкөлөрдү атуучу, чертүүчү курал. Тоо теке, кулжа мүйүздөрүнөн жалпак, төрт чарчы түрүндө жасалып, болжол менен уз. 10–12 см, калыңдыгы 2,5–3 см, туурасы 8–9 см болот. Атканда, черткенде колдон жылмышпас үчүн А-тын кырларынын четтерине каршы-терши, жик-жик сай салынып, быдырланат. А. жасаш үчүн мүйүздү кол араа менен кесип, отко кактап жумшартат. Аны суутпастан тегиз эки жыгачтын ортосуна салып кысып, зым же кайыш менен катуу таңып, бир топ күн оор таш менен бастырып коюлат. А. түспөлүнө келген сомдомо өгөөлөп жонулуп, чүкө атууга эптүү түргө жеткизилет. Үстүн тегиз кылат, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал. А-тын бир башы жазы, экинчиси кууш келет. А-тын топ бузар (уратар), орто А., томпой деген түрлөрү бар. Орто А. чүкө чертүүгө, жемек кадоого, тоорумак тоорууга ылайык. Томпой А-тын эң илгеркиси, ал ж-дө элдик эпостордо көп айтылат. Кырг-ндын айрым аймактарында ордо оюну азыр да томпой менен ойнолууда.