АРАБ ИСКУССТВОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ИСКУССТВОСУ – материалдык маданиятта, искусстводо, айрыкча архитектура жана көркөм кол өнөрчүлүктө жаратылган чыгармалар топтому. Маданияттын бул тармактары б-ча арабдар көп элдердин тажрыйбаларын өздөштүрүшкөн. Ошондуктан архитектурасы менен искусствосу чоң өзгөчөлүккө ээ. Архитектурасы өркүндөп, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мунаралар салынган. 7-кылымдын 1-жарымында Басрада (635), Куфта (638),Фустатта (640) курулган мечиттер

алгачкы араб искусствосуна таандык. Мындай мечиттер Дамаскинин борборунда да жергиликтүү эллинисттик жана сиро-византиялык архитектуралык ­

Мохаммад Алинин мечитиндеги жуунуучу фонтан.

салт б-ча курулган жана көп түстүү мозаикалар менен жасалгаланып, аларга архитектуралык мыкты пейзаждар киргизилген. Араб архитектурасы айрыкча 10–15-кылымдарда Магрибде жана Испанияда гүлдөп, өнүккөн. Ири шаарларда (Рабат, Марракеш, Фест ж. б.) мунаралуу коргондор, имараттар, Гранадада араб­

Мечиттин чамгарагынын араб оймо-чиймелери менен кооздолгон ички көрүнүшү.

архитектурасынын жана көркөм өнөр искусствосунун шедеври – Альгамбра двореци курулат (13-15-к.). Колонналык типте салынган монументалдуу курулуштар араб өлкөлөрүндө көп убактарга чейин сакталган (мечит­тер: Каирде 9-к., Ибн Тулун; Рабатта, Хасан жана Марракеште Кутубия, 19-к.; Алжирде Чоң мечит, 11-к., ж. б.) жана Иран, Кавказ, Орто Азия, Индия өлкөлөрүнүн архитектурасына таасирин тийгизген. Арабдардын архитектуралык курулушунда фатимиддик Каир мектеби белгилүү болгон (969-ж.). Аксарайларды, «кербен сарайларды», мончолордун, күркөлөрдүн, турак-жайлардын, мечиттердин имараттарын таштан чегип (аль-Хаким, аль-Азхар, Аль-Акмар жана ас-Салих-Талан), араб тамгалары менен кооздоп, жасалгалашкан. Байыркы чыгыш мотивиндеги математикалык түзүлүштөгү сүрөттүн фантазиясына карата оймо-чиймелерди колдонушкан, к. Арабеска.