АПСИЕВ Моңош

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПСИЕВ (Абзиев) Моңош (13. 8.1938, Нарын обл., Нарын р-ну, Кара-Булак айылы) – контрабасчы, КРдин эл артисти (1996). 1958-ж. М. Күрөңкөев атындагы

АПСИЕВ 20.png

музыкалык окуу жайын бүтүргөн. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген. 1958-63-ж. Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваторияда окуган. 1963-66-ж. кайрадан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист, 1966-67-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин контрабас тобунун концертмейстери. 1967-жылдан Кыргыз улуттук теле­радиосунун симфониялык оркестринде эмгектенген. Кыргыз композиторлорунун ондогон аспаптык ж. б. чыгармаларын контрабас үчүн иштеп чыккан. Медалдар менен сыйланган..