АНДЕРСЕН Ханс Кристиан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДЕРСЕН Ханс Кристиан (2. 4. 1805, Оденсе – 4. 8. 1875, Копенгаген, Дания) – дания жазуучусу, акын. Өтүкчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Копенгаген университетинде окуган. Ал «Өлүм алдындагы бала» ыры (1826–27), «Амагердеги сейилдикке чыгуу» романтикалык фантазиялуу очерки (1929) менен таанылган. «Мулат» драмасында (1839), «Эки баронесса» романында (1849) феодалдык доор сынга алынган. Ошондой эле «Импровизатор» (1835) жана «Жөнөкөй скрипач» (1937) романдарында искусствонун коомдогу ролу, акын менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы конфликт көрсөтүлгөн. Х. Андерсендин 1930–40-жылдардагы элдик оозеки чыгармалардын мотивинде жазылган жомокторунда адамдар ортосундагы мамилелер менен жаратылыштын сулуулугу сүрөттөлөт, адилеттүүлүк даңазаланат. 160тан ашуун жомок жазып,

АНДЕРСЕН 83.png

алар дүйнө элине тараган. Анын «Булбул», «Көлөкө» ж. б. жомоктору кыргыз тилине которулуп (1938-39), кийин өзүнчө жыйнак болуп чыккан (1959).