АМАНБАЕВ Акмат
АМАНБАЕВ Акмат (1920, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Кара-Булак айылы – 1964, Фрунзе) – композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1963)
1935-38-ж. Москвадагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык техникумда окуган. 1939-ж. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасында оркестрдин
дирижёру катары катышкан. 1940-ж. Москвадагы П. И. Чайковский атн. консерваториянын улуттук студиясынын композиция бөлүмүнө кирген.
1945-ж. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын, 1946-51-ж. Кыргыз филармониясынын директору болуп иштеген. Аманбаев ар түрдүү жанрдагы чыгармалары: К. Жантөшевдин «Ким кантти» (1943, А. Малдыбаев, М. Абдраев, А. Түлөев менен бирге); «Айдар жана Айша» опералары (1952, С. Л. Германов менен бирге); «Жаштар маршы», «Партия жөнүндө ода», «Эмне үчүн», «Фрунзем» ырлары, «Үч бөлүмдүү квартети», «Скрипка үчүн үч бөлүмдүү сюитасы» ж. б. хорлору бар. 1-4-класстар үчүн жалпыга билим берүүчү мектептердин «Ырдоо» аттуу окуу китебинин (Н. Давлесов менен бирге) ж. б. автору. «Ардак Белгиси» ордени жана медаль менен сыйланган.
Ад.: АлагушовБ. Кыргыз композиторлору. Ф., 1964;
Виноградов В. Кыргыз ССРинин музыкалык маданияты. Ф., 1958.