АЛЫБАЕВ Жолболду Парпиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:50, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫБАЕВ Жолболду Парпиевич (1947-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Зергер айылы) – обончу, ырчы, акын, дастанчы. КРдин эл артисти (2003). Ош педагогикалык институтунун музыка факультетин бүтүргөн (1965). 2002-жылдан Ош МУнун доценти. 50дөн ашык обондордун автору. Аккордеондун, комуздун коштоосунда «Туулган жерге», «Дилбар ай»,

АЛЫБАЕВ 1 12.png

«Кыздар», «Өзбек кызына», «Кош алма», «Чолпонум», «Арман», «Рыспайга кат», Жеңижоктун «Көк сулуу», «Балам жок», Барпынын «Мырзайым», «Буракжан», «Жарга жыгылса суу», Корголдун «Сен, сен дүйнө», Молдо Нияздын «Даткайым», Нурмолдонун «Өмүр», элдик «Акжамал» ж. б. ыр, дастандарды аткарган. Калыгулдун «Тар заманын» ырчылардын ичинен алгачкылардан болуп калк алдына ырдап чыккан. «Гүлазык», «Чолпонум» аттуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. Бир нече медалдар менен сыйланган.