АБДЫРАМАНОВ Шабданбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫРАМАНОВ Шабданбай (24. 12. 1930, Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Кыз-Көл айылы – 4.1. 1998, Бишкек) – жазуучу, драматург, Кыргыз Эл жазуучусу (1995). 1948-ж. Жалал-Абад

АБДЫРАМАНОВ47.png

педагогикалык окуу жайын, 1950-ж. Жалал-Абад мугалимдер институтун, 1959-ж. КМУнун филология факультетин, 1964-ж. Москвадагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүтүргөн. 1950–52-ж. Кыз-Көл орто мектебинде мугалим, 1952–59-ж. директор, 1964–66-ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун Ош областтык бөлүмүндө адабий кеңешчи, жооптуу секретарь, 1966-жылдан Ош областтык «Ленин йули» гезитинде кабарчы болуп иштеген. А. чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштап, 1960-ж. негизинен кара сөз жана драматургия жанрында эмгектенген. Анын бир топ аңгемелери жанрдын мыкты туундусу катары бааланып, чет тилдерге которулган. 1968-ж. «Дыйкандар» романынын журналдык варианты чыккан. Чыгарма большевиктик сынга кабылып, автор бир нече жыл куугунтукталган. Айыл чарбасындагы терс көрүнүштөрдү көркөм образдар аркылуу таасын ачып берген бул чыгарма – жазуучунун роман жанрындагы ири ийгилиги. Большевиктик сындын талабына ылайык романдын оңдолуп, кеңейтилип жазылган 2-варианты 1977-ж. жана 1991-ж. жарыкка чыккан. «Май түнүндө» (1957) аттуу алгачкы ыр жыйнагы, «Өкүм» (1966), «Арстанбап аймагында» (1965), «Ак жүрөк адамдар» (1973) аттуу повесттери, «Гүлазык» (1975), «Тагдыр» (1971), «Жашыл аалам» (1982), «Токуучулар» (1985) романдары жана «Домоктун кылычы», «Токтогул», «Анжиян көтөрүлүшү», «Чыйбыл болуш», «Алымбек датка», «Полотхан» сыяктуу драмалык чыгармалары, тарыхый эсселери бар. Ш. Абдырамановдун публицист катары жаратылышты коргоо, айрыкча, түштүктүн жаңгак токойлорун сактап калуу жана аны туура пайдалануу тууралуу жазган макалалары журтчулуктун көңүлүндөгү көйгөйлүү маселелерди козгогон.