АБА-ДЕСАНТ АСКЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБА-ДЕСАНТ АСКЕРИ – душмандын тылында согушууга дайындалган аскер түрү. А.-д. а. парашют-десанттык, танкалык, артиллериялык, өзү жүрүүчү артиллерия ж. б. аскер бирикмелеринен, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн жана байланыш, инженердик сыяктуу атайын аскердик бөлүктөрдөн түзүлөт. Аларга парашют менен самолёттон секирүүнүн жана согушуунун атайын тактикасы үйрөтүлөт. Стратегиялык А.-д. а-нин душмандын терең тылындагы эң орчундуу жерлерди ээлөөгө жана негизги күчтөр келгенче кармап турууга, анын мамл. ж-a согуштук башкаруу түйүнүн кыйратууга, ядролук чабуул коюучу каражаттарын, базаларды ж. б. маанилүү объектилерди жок кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар өз милдеттерин куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрүнүн бирикмелери, бөлүктөрү менен биргелешип аткарат. А.-д. а-н душмандын тылына түшүрүү үчүн аскердик-трансп. авиация колдонулат. Дүйнөдөгү болуп жаткан улуттар аралык, этникалык чыр-чатактардын, локалдык согуштардын тажрыйбасы А.-д. а-нин мааниси зор экендигин ачык далилдөөдө.