«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ
«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ Н. Түгөлов атындагы – Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Холфин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюштурулган, бирок декададан кийин ал өз ишин токтоткон. 1957–60‑ж. 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлеринен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑ж. Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ансамбль кайрадан уюштурулган. 1977–83‑ж. ансамблдин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери КРдин эл артисти К. Мадемилова, 1983-жылдан КРдин эл артисти балетмейстер М. Асылбашев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталышта, 1991‑ж. КРдин эл артисти Н. Түгөловдун
ысымы берилген. Коллективдин концерттик программаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Европа бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Тамаша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюитасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бийлер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзияда, Индияда ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.