Тармактык Энциклопедия:WINDOWS

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:29, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата MMEE_Comp>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
95. Windows 95 анык иштетүү системи болуп эсептелет. Ошентип, Windows 95 иштетүү системи DOS’ту талап кылбайт, бирок бирдиктүү болсун үчүн DOS’тун айрым элементтери киргизилген. Windows 95тин бир артыкчылыгы, анда колдонуучунун графиктик интерфейси жакшыртылып, файл менен иштөө жана програмдоо иштерин мурдакы версияларга караганда жеңил аткартат. Анын экинчи артыкчылыгы көпчүлүк програмдарды тез аткарат, себеби 32 разряддуу процессордун артыкчылыгын пайдаланат жана приоритеттүү көп маселелүү режимди колдойт. Эски 16 разряддуу програмдар үчүн, дагы бирдиктүү көп маселелүү режимди колдойт. Windows 95 тармак жана электрондук почто менен иштөөнү камтыйт.

WINDOWS 98 (Windows 98 SE, Windows ME). Windows 98 иштетүү системи, Windows 95 системинин өркүндөтүлгөнү, ал тез иштейт, колдонууга жеңил жана Интернет менен көбүрөөк интегрлештирилген. Windows 98 системинде файлдарды башкаруу жакшыртылган, видео жана WebTV жазылган дисктер сыяктуу мултимедианын жаңы техноложисин колдонот. Windows 98’дин Интернет менен интеграциясы компьютерди автоматтык түрдө тармак барагы сыяктуу колдонуучунун интерфейси менен жабдыйт. Windows 98 жана Windows 95 иштетүү системдери 16 жана 32 разряддуу програмдык жабдыктарды башкарышат, бул DOS жана Windows’дун башка версиялары үчүн иштелип чыккан програмдык жабдыктарды иштете алат дегенди билгизет.


WINDOWS.jpg