«АЙГҮЛ» фильми

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:22, 14 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЙГҮЛ» – кыргыздардын алгачкы толук мет­раждуу көркөм фильмдеринин бири. 1937‑ж. борбордук «Союздетфильм» киностудиясы тарабынан тартылган. Кыргыз аялдарынын кулчулуктан жана көз карандылыктан кутулуп, эркин жа­шоого баш койгондугун баяндайт. Сценарийи И. Вершининдики, реж. Ю. Васильчиков, оператору – Б. Монастырский, сүрөтчүсү – В. Пан­талеев, композитору – К. Корчмарев. Роль аткаргандар: Айгүл – Т. Зейферт, Мустафа – ­П. Гладжиев, Лу Си‑я – Н. Мучирин, Ороз – ­А. Боталиев, Ярматов – Т. Хожаев, Вовсенко – ­Б. Баратов, Саид – А. Ким.