ААЛАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ААЛАМ –мейкиндик менен убакыттан чектелбеген, дайыма өзгөрүп-өнүгүп турган объективдүү дүйнө. Ага жөнөкөй бөлүкчөлөрдөн баштап, асман нерселери (телолору), алардын системалары, космос мейкиндиктери ж-a электрмагниттик толкундар кирет. А-да үзгүлтүксүз өзгөрүү ж-a өнүгүү процесстери жүрүп, алар өз ара тыгыз байланышта болот. Андагы кубулуштар физиканын закондору менен түшүндүрүлөт. А-ды изилдөөдө бардык табигый илимдердин салымы чоң. Астрономиянын А-ды изилдөөчү бөлүгү космология деп аталат. Б. з. ч. 4-к-да Аристотель А. түзүлүшүн сфера түрүндө элестетип, анын борборуна Жерди жайгаштырып, калган бардык нерселер (телолор) анын тегерегинде айланат деген. Ушундай эле ойду б. з. ч. 4-3-к-дарда жашаган механик-математик Архимед А. шар формада болорун ж-a анын борбору Жер менен дал келерин түшүндүрүп, радиусу Жер менен Күндүн ортосундагы аралыкка барабар деген. Жордано Бруно Н. Коперниктин окуусуна таянып, 16-к-дын аягында А. чексиз, жылдыздар менен планеталар Күндүн тегерегинде айланат деген ж-a алардын көпчүлүгүндө тиричилик болуу мүмкүнчүлүгү бар деп элестеткен. 19-к-да күн системасын ичине алган өтө көп сандагы ири жылдыздар тобу - Галактика ачылган. Өзгөчө 20-к-дын экинчи жарымында кубаттуу телескоптордун пайда болушу, радиоастрономиянын өнүгүшү, адамдын космос мейкиндигине чыгышы А. ж-дөгү илимдин дүркүрөп өсүшүнө алып келди. А-дын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – Ааламдагы галактикалардын 4 тиби:



1. NGC 3031 (М81) Чоң Жетиген тобундагы спираль түрүндөгү галактика.
2. NGC 4565 - Бийкеч тобундагы спираль түрүндөгү галактика (капталынан көрүнүшү).
3. NGC 4472 (М49)-Бийкеч тобундагы эн чоң таптолуудагы элипстик галактика.
4. NGC 175 – Бутактуу спиралдык галактика.

андагы материянын бир калыпта эмес жайгашышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда (жылдыздарда, планеталарда), тыгыздыгы эң аз заттар А-дын калган көлөмдөрүндө жайгашкан. Мында да заттар бир кылка таралган эмес. Газ менен чаңдын тыгыздыктары (10 −23- 10 _25г/см3) кадимки жылдыз аралык мейкиндиктин тыгыздыгына караганда көп эсе чоң. Биздин галактикага жакын бир нече галактикадан башка бардык галактикалар бири биринен белгилүү ылдамдык менен алыстайт, бул кубулуш А-дын кеңейиши деп аталып, Хаббл законуна баш ийет. А-дагы заттардын тыгыздыктары ар түрдүү болуп, эң кичине объектиден чоң объектиге өткөндө өтө тез төмөндөйт (сурөтүн к. 10-беттен). Ад.: Шкловский И. С. Вселенная, жизнь, разум. 2-изд., М., 1965; Агекян Т. А. Звезды, галактика, метагалактика. М., 1966.