«АВЕСТА» жыйнагы
«АВЕСТА» – байыркы заманда жана орто кылымдын башында Иранда, Орто Азияда, Азербайжанда, Афганистанда кеңири тараган диндин (зороастризмдин) ыйык тексттеринин жыйнагы. Тексттер оозеки түрүндө атадан балага мурас катары өтүп турган. Илимде «Авеста тили» аталган байыркы тилде, б. з. ч. 3-к-да кагазга түшүрүлгөн. Сасаниддер династиясынын тушунда (3–7-к.) «А.» 21 китептен куралган. Биздин доорго алардын төрттөн бири гана келип жетти. «Авеста» ошол доордун болмушун толук чагылдыра турган материалдардан турат. Анда Орто Азия, Иран, Азербайжан калктарынын эзелки доордогу коомдук-экономикалык турмушу, диний ишеним-ынанымдары, дүйнөгө көз караштары салт үрп-адаттары тууралуу мол маалымат берилет. Жыйнактын көп бөлүгү жоголгон, унутулган. Окумуштуулардын болжоолорунда ал бир нече бөлүктөн турат: 1) Яшт (алгачкы коомдогу карым-катнаштар, көп кудайга сыйынуу ж. б.); Тат (Ахураммазда Кудай тууралуу таалим-тарбия); 3) көп Кудайга сыйынуучулар менен бир Кудайга кулдук уруучулар ортосундагы күрөштүн натыйжасында б. з. 5-к-да чогултулса керек. Көптөгөн окумуштуулар «Авеста» Иранда Сасаниддер династиясынан чыккан Хосров шах Iнин тушунда жазылган деп эсептешет.
Ад.: Оранский И. М. Введение в иранскую фило логию. 2-е изд. М., 1988; Бойс М. Зороастрийцы. Верования и обычаи. 4-е изд. Спб., 2003.