АБДУМОМУНОВ Абдыкалил Оморбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУМОМУНОВ Абдыкалил Оморбаевич (1955-ж.т., Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, Момбеков айылы) – стоматолог, медицина илимд. доктору (2007), доцент (2001). И. К. Ахунбаев атн. КММАны бүтүргөн (1978). Эмгек жолун Фрунзе ш-ндагы №3 стоматология поликлиникасында врач-интерн болуп баштаган. Кант РБОдо врач-стоматолог; Борб. стоматология ИИИде (Москва ш.) клиникалык ординатор, аспирант. И. К. Ахунбаев атн. КММАда ассистент, доцент, кафедра башчы, проф., Азия мед. ин-тунда кафедра башчысы. КР саламаттык сактоосунун оличниги, Эл аралык стоматология ассоциациясынын академиги (Стамбул ш.). Анын 65 ил. эмгектери, анын ичинде 1 монография, 15 окуу-методикалык иштери, 4 рационализатордук сунуштары бар. Эмг. Адаптационно-компенсаторные изменения в зубочелюстной системе при частичной вторичной адентии и их коррекция: монография.– Б., 2006, –110 с. Адаптационно-компенсаторные изменения в тканях пародонта вокруг одиночного имплантанта при ортопедическом лечении дефектов зубных раядов// Concept ctomatol. – Алматы, 2016. -№ 1-2 (15-16). –С.78-79. (соавт.).