АВТООПЕРАТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(авто... ж-а оператор ), а в- т о ш у у т ‒ металл кесүүчү станоктордун автоматташтырылган тес (станок) катарларында (линияларында) иштетилүүчү тетиктерди оӊдоп түзөтүүчү ж-а багытка салуучу түзүлмө. Анын төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) тестин А-у ‒ көп операциялуу станокто аспапты автоматтык алмаштыруучу түзүлмө. А. жумушту аткарып жаткан аспапты кысып, аны тесийиктен (шпинделден) чыгарып, анын ордуна башка аспапты ко¸т. Тесийиктеги ар бир аспаптын абалы автоматтык текшерилет. Аспапты алмаштыруу уба

кыты 5 секга жакын; 2) гидроэлектр станция сындагы (ГЭС) А. ‒ ага кирген электр энергия системасынын жүктөлүшүнүн ж-а суунун кысымы м-н сарпталышынын (режиминин) өзгөрүшүнүн натыйжасында ГЭСтин (режиминин) өзгөрүшүнө ылайык агрегаттарды жүргүзүүгө же токтотууга берилүүчү башкаруу импульсун камсыз кылуучу автоматтык түзүлмөлөр система сы. ГЭСтин окшоштук түрүнө А-дун башкаруу, агрегаттарды жүргүзүүнүн (токтотуунун) кезегин тандоо, кысым блоктору ж-а суу агыны м-н кубаттуулук билгизгичтери кирет. Башкаруучу ЭЭМдүү ГЭСтин А-унун санариптик түрүндө агрегаттардын мүнөздөмөлөрү ж. б. берилмелер ЭЭМдин эсинде программа түрүндө сакталат. Ошондуктан агрегаттардын иштөө режими оптималдуулукка жакындап, ГЭСти оператордук башкарууга жетишилет.