АУДИО, ҮН ЧЫГАРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
05:48, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Audio - Звуковой). Аудиого компьютер аркылуу кепти жана музыканы камтыган үндү чыгаруу кирет. Алгач компьютерлердин артында кичинекей үн чыгаргычтар (динамиктер) орнотулган, азыр болсо стерео үн чыгаргычтар түрүндө өзүнчө блок колдонулат. Стерео чыгаргычтар үндүк кардтагы порт аркылуу туташтырылат. Ал атайын програмдык жабдык менен үн жана музыканы чыгарат. Кепти чыгаруу аудио чыгаруунун түрү болот, ал компьютерден сүйлөнгөн сөздөр түрүндө чыгарылат. Ошентип, басып чыгарылган кагаздагы же монитордогу сөздөрдү окуунун ордуна үндү кулакка илген телефон же башка чыгаргычтар аркылуу угууга болот. Кеп демейде үн эки жол менен чыгарылат. Адегенде адам микрофонго сүйлөйт, сүйлөнгөн сөз сандык моделге коддолот. Мисалы, сөздөр микрофонго сүйлөнгөндө програмдык жабдык сөздөрдү сандык моделдерге каттайт. Андан кийин сандык моделдер дискте сакталат, керек болгон учурда моделдер дисктен табылат жана сандык моделден кайра үнгө которулуп угулат. Кепти генерациялоонун экинчи түрү кепти синтездөө деп аталат. Кепти синтездөө эсте сакталып турган сөздөрдү кепке өзгөртөт. Програмдын жардамы менен сөздөр анализденет, програм эсте сакталган ариптерди изилдейт жана ариптердин комбинациясынан кепти түзөт. Програмдык жабдык интонация эрежелерин дагы колдонууга жөндөмдүү жана адам сыяктуу алардан үндөрдү түзөт. Андан кийин кеп компьютерге туташтырылган үн чыгаргычтан уктурулат. MIDI портун пайдаланып компьютерге туташтырылган синтезтегич, баскычтоп тактасы же музыкалык түзүлүш аркылуу үн чыгарылат.


АУДИО, ҮН ЧЫГАРУУ.jpg