Тармактык Энциклопедия:OLE

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
05:47, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

. Програмдык обжектерди байланыштыруу жана кошуу технологиясынын акроними. Microsoft Corporation тарабынан иштелип чыккан стандарттардын көптүгүн көрсөтүүчү техноложи. Стандарттар колдонуучуга автоматтык түрдө документтер арасындагы байланыштарды жаңыртып турган динамиктик документтерди түзүүгө, ошондой эле бир колдонмодо түзүлгөн документтерди башка колдонмодо түзүлгөн документтерге кошууга (кыстарууга) мүмкүндүк берет. Интернетте колдонуу үчүн кеңейтилген бул стандарттардын акыркы версиялары ActiveX деп аталышат. Байланыштыруучу програмдык жабдык сыяктуу иштетүү системдер каражаттары менен ишке ашырылаган OLE кабарлары ортомчу болуп эсептелет. OLE компоненттери менен түзүлгөн колдонмолор башкаруу (controls) элементтери деп аталып бардык иштетүү системдери OLE технологиясын колдомоюнча ар башка иштетүү системдеринде аткарылбайт. Бул өзгөчөлүктү түшүнүү менен Microsoft OLE нин акыркы версиясын иштеп чыгып аны ActiveX деп атады, эми ал башка иштетүү системдерин (мисалы, Unix) кеңейтилген колдоосун камсыз кылууда.


OLE.jpg