АЛМОНД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:32, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Almond) Габриэль (12. 1. 1911, Рок-Айленд, Иллинойс штаты ‒ 25. 12. 2002, Пасифик‒Гров, Калифорния штаты) ‒ амер. саясат таануучу, азыркы кездеги саясат илимдерин негиздөөчүлөрдүн бири, Чикаго ун-тинин философия доктору (1938). Амер. саясат илимд. ассоциациясынын президенти (1965‒66), амер. көркөм өнөр ж-а илимдер академиясынын мүчөсү (1961). А. азыркы саясий системалардын проблемаларын алгачкылардан болуп изилдегендерден. Саясий системалардын өнүгүү деӊгээлин коомдун структуралык дифференцияланышына байланыштырып көрүп, ошонун негизинде саясий системаларды: англ.-амер., континенталдык-европ. адаттагы-салттык ж-а тоталитардык сыяктуу 4 типке бөлгөн. Ал С. Верба м-н бирдикте жарандык саясий мад-т теориясын иштеп чыккан. Анын теориясы б-ча демократиянын турукталышы саясий процесстер м-н жарандар туткан багыттарг а байланыштуу. 1968-ж. Станфорд ун-тинде А. саясий өнүгүштүн концепциясын («Стан

форт долбоору») изилдөө б-ча жумушчу топту жетектеген. Ал топтун жүргүзгөн иштеринин натыйжасы: структуралык функционализм, социал. мобилизациялоо теориясы, рационалдуу талдоо ж-а лидерчилик теориясы сыяктуу саясий өнүгүштүн проблемаларын иликтөөнүн 4 негизги ыкмасы болуп калды.
Эмг.: Еhe ciric cultune; political attitudes and democracy in life nations. Princeton, 1963 (with S. Verba). Сравнительная политология сегодня: Мировой обзор. М., 2002.