АЛА КИЙИЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. А. к-ди кыргыздар байырта дан эле пайдаланып келгендиги белгилүү. Ал ак ж-а кара койдун кылчыктуу күзгү жүнүнөн жасалат. Уютулуучу жүн кыска болот, узунун кырчып-кырчып кыскартат. Сабалгандан кийинки майда тытылган бир кылка өӊдөгү жүндү токулган ак чийдин үстүнө каалаган өлчөмдө ж-а калыӊдыкта тегиз төшөп, калыӊ, жука жер
АЛА КИЙИЗ19.png

лери текшиленип чабакталат. Ар кандай түскө боёлуп, үшмөктөлүп, түйдөктөлгөн жүндүн жука катмары аркылуу ичке сызык болуп төрт бурчтук, үч бурчтук же ар кандай оюмдар түшүрүлөт. Түр салынган дан кийин жүндүн бетине кайнак суу

АЛА КИЙИЗ20.png

текши себилип, чий жүн м-н кошо оролуп түрүлөт. Оролгон чийге дагы кайнак суу куюлуп, анын эки башына кап же башка материал кийгизилет. Сыртынан аркан жип м-н бекем чырмап таӊып, аны аласалдырып, балдар тепкилей баштайт (кээде чыгырыкка салып, унаа м-н сүйрөйт). Чийдин арасынан үксүйүп жүн чыга баштаган да же чий катууланып кайра тээп калганда кийизди тепкилөө токтотулат. Жүнү кирген али алешем кийизди чийден этияттап чыгарып, өзүнчө түрмөктөп алып, келин-кыздар катар отуруп, кайта-кайта өзүнө имере тарта оӊду-солду басып, билектин күчү м-н кийизди уютушат. Эл арасында «кийиз кимдики болсо, билек ошонуку» деген макал ошондон улам айтылса керек. А. к. бышырылгандан кийин гана даяр болот. Уздардын айтымында орточо А. к-ге 10кгдай кара жүн ж-а 1,5 кгдай түр жүн чыгымдалат. Учурда чеберлер мурдатан колдонулуп келген оюмдарды андан ары өркүндөтүшүп, жаӊы мазмундагы А. к-дерди жасап жатышат. Мындай А.к-дер эл аралык көргөзмөлөргө (Грекия, Италия, Франция ж. б.) коюлуп, чет элдиктердин кызыгуусун жаратууда.

Ш. Керимова.