АКЫЛ КОРУТУНДУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ дүйнөнү аӊдап, таанып-билүүнүн, кабылдоонун акыл-эстик (рационалдык) ой жүгүртүүлөрдүн негизинде диалек. логикалык жол м-н келип чыккан жаӊы ой, ойлоо формасы. А. к-нун негизин таанып-билүүнүн жолу ‒ баскычтары түзөт: а) башталыш баскычы ‒ сезимдик таанып-билүү (туюу, кабылдоо, элестөө); б) акыл-эстик таанып-билүү. А. к. дедукциялык (жалпыдан жекеге карай) ж-а мүмкүндүк, ыктымалдык, индукциялык (жекеден жалпыга карай) болуп бөлүнөт. А. к. чыныгы негизден чыныгы жалпы корутундуну гарантиялаган эреже б-ча түзүлсө, дедукциялык болот. Эгерде мындай тартип м-н түзүлбөсө, мүмкүндүк, ыктымалдык болуп калат. Индукциялык ыкма да жекече ой жүгүртүүлөрдү изилдөөдө көп учурларда чындыкты далилдөөнү толук гарантиялабай, негиздерди мүмкүндүк, ыктымалдык абалда калтырып коёт. Иш жүзүндө ойлоо процессинде негиздердин кээ бир бөлүктөрү А. к-на кошулбай, кошулса да көӊүлдө гана калып, андан түшүп калат. Мындай толук эмес А. к-сун колдонуу ‒ каталыкка, жаӊылыштыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, калып калган бөлүктөрдү таап, дааналап көрсөтүү ‒ таанып-билүүнүн ката табуу жолдорунун бири. Буга логика да жакшы жардам берет. А. к. ‒ таанып-билүү процессинде абдан маанилүү роль аткарат. Ал аркылуу тажрыйбага кайрылбай туруп, жаӊы билим алууга да болот. А. к. дайыма өнүгүп турат. Ал аркылуу дүйнөнү таанып билүү процесси улана берет. Т. Эсенгелдиев, К. Эсенгелдиева.