АЛМАЛЫК КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Жалгыз-Арча кырка тоосунун түн. капталынын этегинде, Ош ш-нан 22 км түштүктө. Кен 1908-жылдан белгилүү. Көмүр 1908‒17-ж. жекече өндүрүүчү А. В. Спечев тарабынан казылып, 1917-ж. көмүр казып алуу токтоп, 1925-ж. кайрадан башталган. Геол. издөө ж-а чалгындоо иштери 1955‒56, 1958‒61-ж. жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмары м-н байланышкан. Көмүрлүү катмарда 2 кабат бар. Үстүнкү кабатынын орт. калыӊдыгы 23,6 м, көмүр 3Б маркасына кирет. Орт. күлдүүлүгү 30%. Күйгөндөгү табы 7061 ккал/кг (290,5 МДж/кг). 1997-ж. карата запасы 19257 миӊ т.