АЛМА БИТИ
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Аphis pomi Deg) ‒ муунак буттуулар тибиндеги теӊ канаттуулар түркүмүнүн өкүлү; алма зыянкечи. Анын көп түрү бар. Алма жашыл бити ‒ алма өскөн бардык жерде кездешип, көбүнчө жаш мөмө бакта, алма, алмурут, бийи алма ж-а ыргай, четин, долоного зыян келтирет. Ал жашыл түстө, башы күрөӊ жашыл, жаш бутактын учун, жалбырак ширесин соруп азыктангандыктан жалбырак түрүлүп, бутак ийрейип өсөт. Жумурткасы жаш өркүндө кыштап, мөмө бак бүчүр байлап, алма гүлдөгөндө жумурткадан биттер чыгат. Ал жылына 8 (түндүктө) же 19 (түштүктө) жолу тукумдайт. Зыянкеч жайдын толугунда көп, экинчи жарымында жалбырак өркүндөрү өсүүсүн токтоткон до аз болот. Каршы күрөшүүдө аны жок кылуучу мите чабармандарды, эл кайда көчөттү алма багына коё берүү, алма зыянкечтерине туруктуу сортторун отургузуу ж-а химикат чачуу керек.