АЛЛЮВИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(лат. alluviеs ‒ агынды, шиленди, сайроон), а л л ю в и й ч ө к м ө л ө р ү ‒ агып келип суу-дарыя нуктарына, сайларга топтолгон кесек, борпоӊ чөкмөлөр. Терминди 1823-ж. англ. окумуштуу У. Бакленд сунуштаган. А. көлөмү, курамы, сорттолушу жагынан ар түрдүү
Түздүктөгү дарыянын аллювий түзүлүшүнүн схемасы: 1 ‒ суу киргендеги деӊгээли, 2, 3, 4 ‒ аллювий: нук, жайылма, эски аллювий түзүлүштөрү, 5 ‒ тоо капталдарынын ж-а дарыя өрөөндөрүнүн таманынын түпкү тектери.

Тоо тектердин жумуруланган кесек сыныктары нан, кум м-н чопонун аралашмаларынан турат. Сынык бөлүкчөлөрдүн кесектиги б-ча жумуру таштуу, шагыл таштуу, кумдуу, чополуу, чым көӊдүү ж-а кум топурактуу; жайгашкан орундарына жараша нуктук, жайпама, кургап калган байыркы өзөн А. болуп бөлүнөт (к. схема). Айрым нук А-де алтын, платина, калай ж. б-дын кен чачындылары (россыпь) жолугат. А. м-н кум-шагыл курулуш материалдары да байланыштуу.