АВТАРКИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (грек autarkeia ‒ өзүнө жетиштүүлүк, өзүн камсыздандыруу, өзүн-өзү каржылоочулук) ‒ мамлекеттердин чарбалык обочолонуу саясаты; өзүн-өзү камсыздандыруу экономикасын түзүү. Кубаттуу өлкөлөр көп учурда обочолонгон «чарбалык мейкиндик» түзүү деген шылтоо м-н башка өлкөлөргө үстөмдүк кылуу максатында А-ны пайдаланышат. А. фашизмдин расмий докторинасы болгон.