АЛИППЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ окууга, жазууга үйрөтүүчү ж-а сөз байлыгын арттырып, логикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүчү окуу куралы; 1-класстын окуу китеби. Окуучунун эӊ алгачкы окуу энциклопедия

сы болгон бул китеп балага эне тилинин мүнөздүү белгилери, дүйнө, айлана-ч өйрө, Ата журт, анын улуттук ыйык символдору, тарыхы, географиясы, элинин маданий салттары, элдик

АЛИППЕ77.png

таалим-тарбия үлгүлөрү, үлгү туткан адамдары, өлкөнүн учурда түрдүү тармактагы жетиш кендиктери тууралуу маалыматтарды өзүнө топтоо м-н ага таанытат. И. Арабаев түзгөн кыргыздын туӊгуч А-си 1924-ж. реформаланган араб алфавитинде жарык көргөн. Бүгүнкү күндө

АЛИППЕ78.png

(2006) кыргыз мектептеринде он үчүнчү «А» колдонулууда. Ал өзүнчө бүтүн комплексти түзөт, ага: «Алиппе» китеби, «Алиппе дептери», «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар », «Методикалык колдонмо», «Класстан тышкары окутулуучу хрестоматия» кирет.