АЛИЕВ Чыныбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Чыныбек Тукешович (15. 1. 1961, Ысык-Көл обл., Тоӊ р-ну, Төрткүл айылы ‒2004, Бишкек) ‒ милициянын генерал-майору. Биш
АЛИЕВ70.png

кек финансы-экономика техникумун (1978), КМУнун юридика ф-тин (1991) бүткөн. 1978‒91-ж. Тоӊ райаткомунда текшерүүчү, экономист, Аламүдүн р-ндук ички иштер бөлүмүндө инспектор, улук оперуполномочен, кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1991‒95-ж. ИИМдин Региондор аралык башкармалыгында улук оперуполномочен, 2-бөлүмдүн начальниги, экон. кылмышка ж-а коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгында 3-бөлүмдүн начальниги, 1995‒2004-ж. Бишкек ш-ндык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Кыргыз Респ-нын ИИМдин Кызматтык кылмыштар м-н күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз Респ-нын ИИМинин Даӊк мемориалына ысмы жазылган. «Эрдик» ж. б. медалдар м-н сыйланган.