АЛЕКСАНДР III
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(26. 2. 1845, Санкт-Петербург ‒ 20. 10. 1894, Ливадия, Крым) ‒ Россиянын императору (1881‒94). Александр IIнин уулу. 1880-жылдардын экинчи жарымында атасынын реформаларына каршы бир катар реформаларды жүргүзгөн. Полициянын, жерг. ж-а борб. бийликтин таасирин бекемдеп, тескерисинче земство лук, шаардык башкаруу органдарынын үстүнөн катуу көзөмөл орнотуп, ун-ттердин укугун чектеген ж-а цензураны күчөткөн. Анын учурунда О. Азия толугу м-н Россиянын курамына кошулган (1885). 1883-ж. Петербург ш-нда өткөн А. IIIнүн тактыга отуруу салтанатына Түркстан дан да өкүлдөр чакырылып, ал делегациянын курамында кыргыздардан Шабдан Жантай уулу катышып келген. Тышкы саясатта А. III Франция м-н жакындашууга аракет кылып, натыйжада Россия-Франция союзу түзүлгөн (1891‒93).