АЛГАЧКЫ КООМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

, у р у у л у к ж а м а а т (урук) ‒ коомдук өнүгүүнүн адамдар пайда болушунан тартып, мамлекет түзүлгөнгө чейинки мезгили. Өнүгүүнүн кийинки коомдорунан таптардын, мамлекеттин жоктугу м-н айырмала нат, бул доорго жамааттык эмгек, өндүрүш каражаттары ж-а өндүрүлгөн продуктуну жалпы пайдалануу мүнөздүү. Өндүрүү ишмердүүлүгүнүн келип чыгышынын натыйжасында адамдын (антропогенез), коомдун (социогенез), калыптануу процесси 1млндой убакытка созулган. Археол. жагынан алганда, негизинен палеолит (эрте таш доору), мезолит (орто таш доору), неолит (жаӊы таш доору) доорлорун камтыйт. А. к. өзүнөн кийинки коомдордон айырмаланып өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деӊгээли өтө төмөн болуп, өндүрүштө ж-а керектөөдө жамааттык принцип негизги мааниге ээ болгон. Биргелешип эмгектенүү, өндүрүлгөн продуктуга теӊ ээлик кылуу жеке адамдын жаратылыш кубулуштарына алсыздыгынан улам келип чыккан. А. к-дун тарыхы негизинен археол., антропологиялык ж-а этногр. маалыматтарга таянат. А. к. 3 мезгилге бөлүнүп каралат: алгачкы адамдар тобу, уруулук коомдун гүлдөп өнүгүшү ж-а анын ыдырап бузулушу. Уруулук коом өз өнүгүшүндө 2 доорду ‒ энелик урууну (матриархат) ж-а аталык урууну (патриархат) камтыйт. Энелик уруу мезгили төмөнкү палеолиттен неолитке чейинки мезгилди кучагына алат. Мында таштан, жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн жасалган эмгек куралдары (алгач найза, союл, бычак, кийинчерээк кескич, канжар, кыргыч, балта, керки, орок ж. б.) колдонулуп, бара-бара өркүндөтүлө берген. Негизги кесиби аӊчылык, балык уулоочулук ж-а жыйноочулук болгон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасын да эркектер балык, аӊ уулоо, аялдар мөмө-жемиш терүү иштерин аткарган. Энелик уруунун соӊку доорунда уруу ичинде эне башкара турган чоӊ-чоӊ үй-бүлөлөр бөлүнүп чыгып, бир нече уруунун башын кошкон топтор калыптана берген. Аталык уруу мезгили коло доорун ж-а алгачкы темир доорун өзүнө камтыйт. Бул мез гилде өндүргүч күчтөр өнүгүп, дыйканчылык, мал чарбачылык ж-а кол өнөрчүлүк (жез, коло, темир металлдарын ысытып иштетүү) пайда болгон. Өндүрүштө эркектердин ролу артып, аялдын коомдогу, чарбадагы абалы төмөндөгөн. Аталык уруунун соӊку мезгилинде туугандык байланыш ата жагынан эсептелип, жеке менчиктин ж-а чарбанын пайда болушуна, уруктардын бөлүнүшүнө алып келген, о. эле алгач согушта туткунга түшкөндөрдү, бара-бара ошол эле уруудагы жакырдангандарды кулга айландырган, байыган уруу башчыларынын бөлүнүп чыгышы социал. топтордун ж-а мамлекеттин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. А. к-дун издери Кырг-ндын аймагында Нарын обл-нда Нарын ш-на жакын Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы ш-на жакын жерден, Кырг-н м-н Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган таш куралдарынан байкалат. Ортонку палеолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөӊсөөсүнөн, Ош обл-нун Араван р-нундагы Сасык-Үӊкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Даӊгирекдере капчыгайынан эӊ байыркы таш талкалоочу жай табылган. Ал эми соӊку палеолит дооруна таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үӊкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгү Кожогор булагынын жанынан табылган. Неолит ж-а коло доорунда пайдаланган курал-жарактарды Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөөнүнүн жанындагы Ак-Чуӊкур ж-а Нарын ш-на жакын Теке-Секирик үӊкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Сокулук, Садовое, Беловодск айылынан, Чолпон-Ата ш-нын жанынан, Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылынан табылган. Ал эми аска бетине тартылган сүрөттөрдү Чүйдөгү Аламүдүн, Александровка, Жайылма, Кайыӊды, Оштогу Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Алай ж-а Кетмен-Т өбө өрөөндөрүнөн табылган калдыктардан көрүүгө болот.