АЛАШАНЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Борб. Азиядагы чөл. Кытайдагы Наньшань тоосунун түн.-чыгышында. Уз. 700 кмден ашык, жазылыгы 300 кмге чейин. Аянты 1 млн км2дей (бийикт. 800‒1600 м). Токол тоолуу, дөбөлүү, күдүрлүү түздүк. Ордун которуштуруп туруучу ири кум массивдери, бархандар (бийикт. 350 мге чейин) басымдуу. Чуӊкур жерлеринде убактылуу көл, шор топурак, такырлар бар. Караган, шыбак, баялыш ж. б. өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, коён, сары чычкан,

<file_break/> таш бака, кескелдирик ж. б. кезигет.
Көчмөн чарба мүнөздүү.