АВТОРДУК БАЯНДОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (/* '''АВТОРДУК БАЯНДОО''' – чыгармадагы көрүнүштү автор өзү баяндап берүүсү. Автордук баяндоо сюжеттүү чыгapмaлapдa, айрыкча прозада кеңири колдонулат. Мында чыгармадагы окуянын орду, мезгили <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> шарты, каармандардын мүнөзүн терең ачуу ж. б. зарыл болгон учурлар ж-дө сөз болот <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> адабий тилдин нормасы сакталат. Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан мисал келтирели: «Аза көчү Эне-Бейиттин жолун кадыресе арб...) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРДУК БАЯНДОО – чыгармадагы көрүнүштү автор өзү баяндап берүүсү. Автордук баяндоо сюжеттүү чыгapмaлapдa, айрыкча прозада кеңири колдонулат. Мында чыгармадагы окуянын орду, мезгили жана шарты, каармандардын мүнөзүн терең ачуу ж. б. зарыл болгон учурлар ж-дө сөз болот жана адабий тилдин нормасы сакталат. Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан мисал келтирели: «Аза көчү Эне-Бейиттин жолун кадыресе арбытып койду. Күн чоң шашке болуп, ошол жеткен ордуна туруп алгансыйт. Бирде саатын, бирде күндү, бирде алдыда керилип ою жаткан жайыкты карап коюп, Бороондуу Эдигей жол жүрүш ойдогудай эле баратканын өзүнчө белгилейт. Жанагыдай эле буурасы маң-маң желип, өзү алдыда, анын соңунан прицеп тарткан трактор келет, анын соңунан дөңгөлөктүү эксковатор «Беларусь» коңузча күжүңдөп калбай келет. Жолборс болсо тилин салаңдатып желе-жорто капталда».